
Продукт жана коопсуздук маалыматы

•
Колдонуучунун колдонмосунда көрсөтүлгөндөн башка жол менен аппаратты ачууга аракет кылбаңыз.
•
Укуксуз өзгөртүүлөрдү киргизүү, аппаратка зыян келтирип жана радио жабдыктардын колдонулушун жөндөөчү
эрежелерди бузушу мүмкүн.
•
Аппаратты түшүрүп, уруп же силкилдетпеңиз. Этият эмес колдонуу аппараттын ички чынжыр схемаларын жана
механизмдерин бузушу мүмкүн.
•
Аспаптын тышын дайым жумшак, таза жана кургак чүпөрөк менен сүртүңүз.
•
Аппаратты боебоңуз. Боектор кыймылдоочу бөлүктөргө тоскоол болуп, туура иштөөсүнө жолтоо болуусу
ыктымал.
•
Аппараттын оптималдуу иштөөсү үчүн, маал маалы менен аны өчүрүп, батареясын алып, анан кайра иштетип
туруңуз.
•
Аппаратыңызды магнит жана магнит талаалардын жанында кармабаңыз.
•
Маанилүү маалыматыңызды коопсуз сактаңыз, аларды, жок дегенде, эки, түзүлүшүңүз, эс тутум картасы же
компьютериңиз сыяктуу, бөлөк жерде сактаңыз же аларды жазып туруңуз.