SIM картаны жана батарейканы коюу
Картаны колго алып, кыстарууда же алып чыгууда этият болуңуз, анткени SIM
карта жана анын контакттары чийиктен же бүктөөдөн улам керекке жарабай
калышы мүмкүн.
Маанилүү иш: Mini-UICC SIM картасын, ал, ошондой эле micro-SIM карта
деп аталат, же адаптери бар micro-SIM картаны же mini-UICC бекиткичи (сүрөттү
караңыз) бар SIM картасын бул аппаратта колбонбоңуз. Micro SIM картасы,
кадимки SIM картадан кичирээк болот. Бул аппарат, micro-SIM карталарын
пайдаланууну колдобойт жана туура келбеген SIM карталарды колдонуу
аппаратка же картага доо кетириши мүмкүн жана картада сакталган
маалыматтын бузулушуна алып келиши мүмкүн.
1 Аспаптын таманында оюкка бармагыңызды салып, акырын арткы жапкычты
(1) көтөрүп, алып салыңыз.
Колдоо
5
2 Батарейка кыстарылган болсо, аны көтөрүп, чыгарыңыз (2).
3 SIM картаны ордуна коюңуз. Картанын тийгизчү жери бети ылдый караганына
ишениңиз (3, 4).
4 Батарейканын жана батарейка уячадагы контакттарын тууралап, жана
батарейканы жаткызыңыз (5). Арткы жапкычты ордуна коюуга, үстүндөгү
бекитчү тиштерин уячалары көздөй каратып (6), жана жапкыч ордуна
батканга чейин басыңыз (7).
Коопсуз алып чыгуу. Батарейканы алуудан мурда дайыма заряддоо бөлүкчөдөн
ажыратып, аппаратты өчүрүү керек.